• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Автобуста боюнда бар келинди тепкен делген кыз кармалды (видео)

20 Аяк оона 202513:38 Бишкек Govori.TV

Окуянын видеосу соцтармакка тараган. Анда аялдар уруша кетип, бири экинчисин чачтан алганын көрүүгө болот. Уруш автобустагы орун талашуудан улам келип чыкканы айтылды.

Ленин РИИБи окуя кечээ кечинде №212 автобуста болгонун билдирди. Милицияга жабыркаган келиндин байкеси кайрылган. Жабырлануучу ооруканада экени айтылды.

Кылмышка шектелген 20 жаштагы келиндин кичинекей баласы жана боюнда бар экени айтылды.

Количество просмотров: 2009