• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Автобуста кармалган чөнтөкчү жүргүнчүлөр тарабынан жазаланды

31 Бугу 20199:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

28-майда Ашхабаддагы жүргүнчү ташыган автобуста чөнтөкчү кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын окуяга күбө болгон кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, чөнтөкчүнү жүргүчүлөр сабап, андан кийин автобустан түшүрүп жиберишкен.

«Кызыгы, адамдар полицияны чакырышкан жок. Буга себеп — алар полицияга ишенишпейт жана алар менен байланышкылары келбейт. Адамдар полиция уурудан өз үлүшүн алып, кое берип жиберерин билишет», — деди кабарчы.

Автобустун жүргүнчүлөрүнүн бири акыркы кездери ашхабаддыктардын көбү полицияны кийлигиштирбестен эле, маселелерин өз алдынча чечип алууга өтүшкөнүн белгиледи.

Количество просмотров: 15