• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Автобустар 2026-жылы сатылып алынат

18 Тогуздун айы 202416:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин фракцияларынын биргелешкен жыйынында 2025-жылдын бюджетинин долбоору каралып жатканда депутат Гуля Кожокулова эмне үчүн автобустарды сатып алууга акча каралбай жатканын сурады.

«Бишкекте автобустарда баары жакшы акыбалдабы? Тургундар арызданышууда», — деди ал.

Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Байгончоков борбор калаадагы коомдук транспорт эми инвестициялык каражатка 2026-жылы сатылып алынарын билдирди.

“Азия өнүктүрүү банкынын акчасына 120 электробус, Европа өнүктүрүү банкынын акчасына 100 автобус жана KMF банкынын акчасына 60 автобус сатып алынат “ – деди.

Количество просмотров: 205