Бүгүн, 17-ноябрда «Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасында» эмгектенген автобустун айдоочулары иш таштады. Бул тууралуу АКИpress жазды.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Хакимов менен автобазанын айдоочуларынын ортосунда чыр чыкты.
«Иш таштаган айдоочулар автобазанын директору Нурлан Койчубаковдун иш бөлмөсүнө кирип, отставкага кетүүсүн талап кылышты. Ошол учурда айдоочулар менен Хакимов сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок айдоочулар анын сөзүн угушкан жок. Айдоочулардын бири Хакимовдун жанына барып, башы менен төшүн сүзгөн учурда чыр уланып кетти»,-деп айтылат маалыматта.