• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Автокырсыктан көз жумган эки велосипедчен спорт чеберлери болгон

30 Кулжа 2020 23:22 Бишкек Govori.TV

“Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо унаа сүзгөн велосипедчендердин экинчиси каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Триатлон боюнча федерациясы Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 46 жаштагы СССРдин спорт чебери Илья Сидоров жана 44 жаштагы Кыргызстандын спорт чебери Евгений Требунский каза болгон.

«Эки спортчу тең мурда велоспорт менен профессионалдуу түрдө машыгып келген. СССР учурунда, кийин Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да көп сыйлыктарга ээ болгон. Илья Сидоров — СССРдин спорт чебери, Евгений Требунский – Кыргызстандын спорт чебери эле», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми жол кырсыгына күнөөлүү айдоочу камакка алынган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-июнда “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо эки велосипедчен адамды жеңил унаа сүзүп кеткен. Алардын бири каза болуп, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, экинчи адам дагы алган жаракатынан эсине келбей көз жумган.

Количество просмотров: 397