• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Автомобиль жолдору башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

27 Бугу 202412:39 Бишкек Govori.TV

Бектурсун Дыканбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка транспорт министри Тилек Текебаев кол койду.

Белгилей кетсек, Бектурсун Дыканбаев буга чейин министрликке караштуу жол чарба департаментинин иштерди пландаштыруу, даярдоо жана кабыл алуу бөлүмүн жетектеген.

Жаңы дайындалган башкармалыктын башчысын жалпы жамаатка Тилек Текебаев тааныштырып, ага ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 137