• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Аял жылмайса — аалам жылмаят». Президент айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

8 Жалган куран 2022 10:00 Бишкек Govori.TV

ПрезидентСадыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кыргызстандын урматтуу айымдары, асылзат апалар жана ажарлуу эже-карындаштар!

Жадыраган жазды коштой кирип келген 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Табият тартуулаган түгөнгүс мээрим менен көөнөргүс аруулуктун ээси болгон аялзат үй-бүлөнүн түмөн түйшүгүн эле эмес, жер жүзүндөгү бейпилдикти, тынчтыкты бекем кармап турат. Дал ошондуктан эне жүрөгүнө бүтүндөй аалам батат эмеспи. Мына ушундай улуу касиет үчүн биз сиздерге өмүр бою милдеттүүбүз!

Эне мээрими — адам баласынын руханий жетилүүсүнө, адам болуп калыптануусуна үрөн себе турган, жашоосунда ишенимдүү таянычы боло турган асыл баалуулук. Асылзаттын так ушул образы бүтүндөй адамзаттын асыл-наркы болгон эне тилибизди жатыктырып, аны кастарлап-сыйлоого, бабалардан бери келаткан каада-салт, үрп-адаттарды аздектеп алып жүрүүгө, Мекендин чыныгы атуулу кылып тарбиялоого үйрөтөт. Ошентип, аял коомдо өзгөчө орунду ээлейт. Ал — камкор эне, мээримдүү жар, жоопкер кызматчы, демилгелүү жетекчи.

Кыргыз элинин тарыхында аялзат өз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошуп келген. Бүгүнкү күндө да аялзатынын катышуусуз экономикалык жана саясий кайра курууларды ийгиликтүү ишке ашырууну, элибиздин руханий дөөлөттөрүн кайра жаратууну жана өркүндөтүүнү, коомдун адептүүлүгүн бекемдөөнү жана улуттук мүнөздүн өзгөчөлүктөрүн — нарк-насилибизди сактоону элестетүү мүмкүн эмес.

Ардактуу замандаштар — Кыргызстандын аруузат айымдары!

«Аял жылмайса — аалам жылмаят» дегендей, сиздер жан дүйнө сулуулугуңуздар менен ааламды багындырып, ар дайым аруу тилектериңиздер менен жакшылыкка үндөп, албан-албан иштерге шык-дем берип келесиздер.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм».

Количество просмотров: 483