• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Аялдамада калгыла». Жапаров Транспорт министрлигин сындады

25 Бугу 2023 16:02 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникация министрлигинин ишин сынга алды.

Ал министрликтин иштөө темпи төмөндөп кеткенине көңүл бурду.

«Өткөн жылы чоң иштер жасалган. Май айында эле 25,8 чакырым жол салынган. Быйыл болсо каржылоо 1,2 миллиард сомго көбөйгөнүнө карабастан 24,5 чакырым гана жол бүттү. Жолдор — биздин кан тамырларыбыз. Алардын курулушу мамлекет башчынын өзгөчө көзөмөлүндө турат. Ишти тездеткиле», — деди өкмөт башчы.

Сентябрь айында министрликтин ишине баа берилет.

«Министрлер кабинетинин иштөө темпи күндөн-күнгө күч алууда. Артта калгандар же жеткиле, же болбосо «аялдамада калгыла», — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 110