• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Аялдар абагында «Сармерден» оюну болуп өттү

30 Баш оона 201917:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 30-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата Чүйдүн Степное айылындагы аялдардын №2 түзөтүү колониясында «Сармерден» оюну болуп өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
«Эки топко бөлүнгөн катышуучулар табышмак, жаңылмач, кыргыздын улуттук ыр-бийин аткарышты. Майрамдык салтанатты алып баруучу Анара Шаимкулова, продюсер жана актриса Ырыс Жоомартова алып барышса, ырчы Кенже Кубатова өзүнүн аткаруусундагы ырларын тартуулады. Оюндун аягында бардык катышуучуларга грамота жана белектер тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 143