Чүйдөгү аялдардын абагына телефон ыргыткан шектүү кармалды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 6-мартка караган түнү болжол менен саат 01:30 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степной айлында жайгашкан ЖАКтын №2 мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргытуу аракети болгон.
«Жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган мекеменин сырткы аймагында 1987-жылы туулган С.М.А. аттуу жаран негизги дубал аркылуу мекеменин ички аймагына ыргытуу жолу менен тыю салынган буюмдарды киргизүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган. С.М.А.нын жанындагы чакан сумкасынын ичинен 8 даана уюлдук телефон жана 1 даана MegaCom уюлдук операторунун симкартасы табылып алынды»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты Аламүдүн РИИБнин тергөө ыкчам тобуна өткөрүлүп берилди. Кылмышка тиешеси бар адамдарды аныткоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.