Аялды чаап жиберген милициянын капитаны үй камакка чырылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Сот Р.О.Б.ны тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2025-жылдын 25-августуна чейин үй камагына чыгарууну чечти.
25-июнда социалдык тармактарда эркек киши бир аялды чаап жиберген видео тараган. Жабыркаган аял бул факты боюнча арыз менен кайрылып (Н.к.Н.), окуя 17-майда ГЭС-5 аймагында болгонун айткан. Анда ИИМдин кызматкери мас болуп аны бетке чаап жибергенин билдирген.
Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.