Милиция кызматкерлери тарабынан тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ООИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, Москва РИИБге Беловодск айылынын 1971-жылы туулган Н.О. аттуу (аял киши) тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал, 9-декабрь күнү темир жол бекетинин жанынан мойнундагы чынжырын жулуп кетип, белгисиз тарапка качып кеткен жаранга чара көрүүнү суранды. Болжолдуу маалыматтарга караганда, чынжыр 350 миң сомдук.
«Бул факт Жазык кодексиндеги 201-берене (тоноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 28 жаштагы К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.