• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Аялга кол көтөрүп, денесине залал келтирген жаран кармалды

11 Бугу 2023 10:13 Бишкек Govori.TV

Майлуу-Сууда аял кишиге кол көтөрүп, денесине залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык милициясына 42 жаштагы аял арыз менен кайрылып, анда 20-февралга караган түнү сүйлөшүп жүргөн жигити кол көтөрүп, денесине залал келтиргендигин билдирген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Майлуу-Суу ШИИБнин КБРне Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну аталган райондон кармалып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 46