Нарын облусунун Ат-Башы ройонунда аялын бычак менен коркутуп, жашап жаткан үйүн өрттөп жиберүүгө аракет кылган деген шек менен 36 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя 22-июнь күнү болгон.
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы А.у. К. мас болуп жубайын бычак менен коркутуп, үйдүн ичине жана жубайына бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракет кылган. Шектүү ширеңке издеп сыртка чыккан учурда аялдын туугандары келип, 102 кызматына кабар берип, милиция кызматкерлери келген.
Факт боюнча «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен иш козголуп, шектүү камакка алынганы маалым болду.