Сокулук районунда аялына зомбулук көрсөткөн деген шек менен 25 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 28-октябрда Сокулук РИИБине денесинен катуу жаракат алган 22 жаштагы келин райондук ооруканага түшкөнү кабарланган.
Аталган факт тиешелүү жерге катталып, иликтөө иштери башталган.
Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгында 28-октябрда Д.К. аттуу жаран расмий никеси жок К.М аттуу аялын сабап, зомбулук көрсөткөнү аныкталган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 177- беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө уланууда.