• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бала бакчада токмок жеген наристелер

2 Бештин айы 202420:29 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда ыйлаган кичинекей балдар, аларды сабаган аялдар тартылган видео тараган.

Социалдык тармакты колдонуучулардын биринин маалыматына караганда, бул окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрьский айылындагы «Кенжетай √1» балдар бакчасында болгон.

«Балдарга мээрими жоктор бала бакчага жумушка орношпой эле койгулачы!
Буларды жоопко тартыш керек! Биринен бири өткөрүп алып урат го!
Окуя эки кун мурун болгон», — деп жазылган.

Социалдык тармактардын колдонуучусу бул окуяга укук коргоо органдары көңүл буруусун белгилеп кеткен.

Количество просмотров: 971