• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Аз камсыз болгон жарандар үчүн электр энергиясына тарифтер төмөндөдү

6 Бештин айы 2021 15:52 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында КР Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырган.

Бул жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Жарлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине токтом кылынат:

— 16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып, айына 700 кВтс чейин керектегенде, 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.

Количество просмотров: 229