• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Азаттыктын жааматы Улан Эгизбаев чөккөн жерге барды

25 Теке 2018 9:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.07.2018.Govori.TV.
Азаттыктын жааматы Улан Эгизбаев чөккөн жерге барды. Бул туурасында Азаттыктын жетекчиси Венера Сагындык кызы фейсбук баракчасына жазып чыкты.
«Кочкордон чыгып, Ысык-Көлдүн жээгинде ал өткөргөн акыркы мүнөттөрдү видеодон көрүп, ал жерде иштеп, эс алып жүргөн күбөлөрдүн айткандарын камерага тартып, оорукана, суучулдардын баарын сураштырып келдик. Эртең, буюрса, топтогон видеобузду чыгарабыз»,- деп айтат Венера Сагындык кызы.
Анын айтымында ал жерде чын эле тайыз эле суунун арасында терең ойдуңдар бар экен.
«Кийинки кездери теплоход, яхталар киргенде ошондой жаңы күтүүсүз аңдар пайда болуп атыптыр. Өкүнүчкө карай, «бул жерде терең ойдуң бар» деген белги коюлган эмес. Эми койобуз дешти»,- деди Азаттыктын жетекчиси
Уланбек Эгизбаев 24-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта күтүүсүз каза тапты. Милициянын маалыматына караганда, ал Кара-Ой айылындагы “Акун” пансионатында эс алып жүргөндө сууга чөгүп, аны көргөндөр жээкке чыгарышкан. Ал «Тез жардам» менен Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилип, дарыгерлер өмүрүн сактап кала алган эмес.
Количество просмотров: 41