• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Азаттыктын» журналисти Улан Эгизбаев каза болду. Соцтармактын эскерүүсү

22 Теке 201822:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.07.2018.Govori.TV
«Азаттыктын» журналисти Улан Эгизбаев бүгүн 22-июлда Чолпон-Атада сууга чөгүп  каза болду.
Маалыматта «Келинчеги экөө “Акун” пансионатында эс алып, бүгүн кайтмак экен. Чыгар алдында ал «көлгө бир түшүп келейин» деп кетиптир. Көлгө түшүп жатып чөгүп кеткенин элдин баары көрүптүр, “Тез жардам” чакырып, ооруканага жеткенде каза болгон экен. Суудан алып чыкканда эсине келип-келбей турган деп айтып жатышат. Окуяны Ички иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды» —деп жазылат.
Белгилей кетсек, Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.
Азыркы учурда социалдык тармактын колдрнуучлары мыкты журналист Улан Эгизбаев жөнүндө жылуу сөздөрүн жазышып аны жоктоп, көңүл айтышууда.

Говори.ТВ мультимедиалык маалымат агенттиги Улан Эгизбаевдин ата-энесине, жакындарына жубайына жана «Азаттык» үналгысынын жалпы жамаатына  терең кайгыруу менен көңүл айтып азасын тең бөлүшөт!

 

Количество просмотров: 13