• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Азаттык» иликтөөдөгү материалдарын УКМКга өткөрүп берди

14 Бештин айы 2019 12:18 Бишкек Govori.TV

«Азаттык»»журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди.

«Азаттык» радиосу материалдар менен кошо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жазылган расмий катты да тапшырды. Анда «Берилген материалдар же ага байланышы бар кандай гана маалымат болбосун кыянаттык менен пайдаланылса, биздин журналисттердин, иликтөөгө аралашкан кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданабыз» деп айтылат.

Медиа мекеме ошондой эле УКМК журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөт деген ишенимин билдирет.

Эске салсак, 13-декабарда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова Матраимовдордун адвокаттарынын арызынын негизинде үч медианын жана кабарчынын эсебин камактан чыгарды.

Булак: «Азаттык«

Количество просмотров: 50