• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

“Азаттыкты» жабуу тууралуу Маданият министрлигинин арызы сотто каралды

24 Жалган куран 202314:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу арызы боюнча соттук отурум уланды.

“Азаттыктын” адвокаты Тимур Султанов соттук отурумду ЖМКларга видеого тартууга уруксат берүүнү сурады. Ишти карап жаткан судья Чолпон Каримбаева жактоочулары өтүнүчүн канааттандырып, соттук жараянды тартууга уруксат берди.

“Азаттыктын” дагы бир адвокаты Нурбек Сыдыков министрликтин эскпертиза боюнча өтүнүчүн четке кагууну суранды. Деген менен сот “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалда улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун аныктоо максатында лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн канаттандырды.

Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданган.

Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

Арызда эл аралык компаниянын «Настоящее время» телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин белгилеген.

Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.

Количество просмотров: 109