• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Азербайжан армениялык алты жоокерди кармап кетти

27 Бугу 2021 15:08 Бишкек Govori.TV

Азербайжандын аскерлери армениялык алты жоокерди туткунга алды. Азери Коргоо министрлиги жасаган билдирүүгө караганда, алар 27-майда эртең менен Азербайжан армиясынын чек арадагы позицияларына карай кеткен жолго мина коюп жаткан учурда кармалган.

Бирок Армениянын Коргоо министрлиги жоокерлери чек ара аймагындагы Гехаркуник облусунда инженердик иштерди жүргүзүп жатканда туткун алынганын билдирди. Мекеме аларды кайтарууга аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Апта башында Ереван менен Баку чек арадагы атышуу үчүн бири-бирин айыпташты. Армения бир жоокери окко учканын маалымдаган.

Ага чейин Ереван азери аскерлери Сюник жана Гехаркуник облустарына бир нече чакырым кирип келишкен деп айыптаган. Баку жоокерлери чек арадан өтпөгөнүн, өз тарабындагы позицияларына кайтышканын, себеби кышында ал жактарга жетүү кыйын болорун айтып жооп кайтарган.

Былтыр күзүндө Түштүк Кавказдагы эки өлкө Тоолуу Карабак анклавы үчүн алты жума согушуп, кан төгүү Орусиянын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимге кол коюлгандан кийин токтогон. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди кошуна өлкөгө кайтарган.

Тынчтык келишиминин алкагында орусиялык бейпилдик күчтөрү Тоолуу Карабактын айланасына жайгаштырылган.

Количество просмотров: 135