• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Азербайжан армиясы Лачин районуна кирип барды

1 Бештин айы 2020 16:49 Бишкек Govori.TV

Азербайжан армиясы Тоолуу Карабак менен Арменияны бөлүп турган Лачын районуна кирип барды. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.

Лачын — Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу боюнча кабыл алынган үч тараптуу келишимдин негизинде Бакунун көзөмөлүнө өтүп жаткан үч райондун акыркысы.

Министрлик YouTube баракчасында жарыялаган видеодо аскерлердин аймакка кирип баратканын көрүүгө болот.

1992–1994-жылдардагы согуштун айынан бул районду Азербайжан убактылуу колдон чыгарган болчу. Лачын району Армениянын эл аралык деңгээлде таанылган чек арасы менен армян жикчилери өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабак жикчил аймагынын ортосунда жайгашкан стратегиялык маанилүү жер болуп саналат.

Армения Тоолуу Карабактын жикчил бөлүгүн курчап турган азербайжандык үч районду – Агдам, Келбажар жана Лачын райондорун кайрадан Азербайжандын карамагына өткөрүп берүүгө мажбур болду. Сентябрдын 27синде башталган согуш аракеттери 9-ноябрдагы Орусиянын арачылыгы менен жетишилген макулдашууга ылайык токтотулуп, Агдам району 20-ноябрда, Келбажар району – андан беш күндөн кийин, 25-ноябрда Азербайжанга өткөрүлгөн.

Азыркы тапта Орусиянын дээрлик 2 миң жоокерден турган аскерлери Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуу кызматын аткарууда. Орус аскерлери Арменияны Тоолуу Карабактын жикчил бөлүгү менен байланыштырып турган Лачын өткөөлүн да кайтарып тураары макулдашууда алдын ала белгиленген.

Количество просмотров: 114