• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Азербайжанда ондон ашуун журналист жана активист кармалды

7 Жалган куран 2024 9:13 Бишкек Govori.TV

Шаршембиде Азербайжанда көз карандысыз Toplum TV телеканалы менен кызматташкан тогуз журналист жана кеминде үч саясий активист кармалды. Анын алдында Toplum  редакциясында жана кармалгандардын үйүндө тинтүү жүргөн.

Тинтүү жана камакка алуулар тууралуу алардын жакындары Би-Би-Си жана «Азаттык» радиосунун азери кызматына кабарлашты. Азербайжандын Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

Бакудагы Toplum TV редакциясында тинтүү эртең менен башталган. Журналисттердин жакындары аларды полиция алып кеткенин, алар менен байланыша албай жатканын айтышты. “Топлумдун” башкы редактору Хадижа Исмаил куугунтуктун себебин билбей турганын жана “Топлумга” каршы иш козгоо үчүн эч кандай негиз жок экенин айтты.

“Биз эч кандай кылмышка аралашкан жокпуз жана эч кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган жокпуз. Бул өлкөдөгү репрессия толкунунун кезектеги кадамы”, — деп билдирген ал.

«Азаттык» радиосунун азербайжан кызматы тинтүүдөн кийин “Топлумдун” кызматкери Фарид Исмаилилов кармалганын кабарлады. Жакындарынын айтымында, тинтүү учурунда үч миң евродон ашык акча алынган жана Исмаилилов бул акча ага тиешелүү эмес экенин билдирген. Жарандык активист Акиф Гурбановдун батиринде дагы тинтүү жүрүп, ал дагы кармалган.

Toplum TV көз карандысыз интернет телекөрсөтүү болуп саналат. Ал Азербайжандагы адам укуктарынын бузулушу жана коррупция боюнча иликтөөлөрдү жарыялап турат.

Количество просмотров: 105