• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Азербайжанда журналист жана активист аткезчилик шеги менен камалды

12 Жалган куран 2024 14:09 Бишкек Govori.TV

Бакунун Хатай райондук соту көз карандысыз ToplumTV басылмасынын негиздөөчүсү Алескер Мамедлини жана «III Республика платформа» кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Иззетлини аткезчилик иши боюнча төрт айга камакка алды.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун азербайжан кызматы билдирди.

Сотто Алескер Мамедли камакка алынышына анын илимий жана коомдук ишмердүүлүгү себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

Turan агенттигине берген комментарийинде Мамедлинин адвокаты Агылт Лайиж кардарынын ден соолугу начар экенин айтты.

«Камакка алууга эч кандай материалдык жана процессуалдык негиздер жок. Ага операция жасалышы керек. Денесинин үч жеринде шишик бар. Дем алуусу кыйындап калган. Тамагында шишик бар. Биз сотко медициналык документ тапшырганбыз. Ага карабастан сот камакка алуу өтүнүчүн канааттандырды», — деди жактоочу.

Коопсуздук күчтөрү Мамедли менен Иззетлини 8-март, жума күнү кармашкан. Аларды кармаганга чейин үйлөрү тинтүүгө алынган. Мамедлинин батирин тинтүү учурунда полиция 60 миң евро тапкан. Туугандарынын айтымында, ага бул акчаны күч органдары «ыргытып» койгон.

Количество просмотров: 65