• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Азербайжандын Ысык-Көлгө 5 жылдыздуу мейманкана куруу демилгесин ЖК комитети жактырды

11 Аяк оона 2023 18:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-сентябрда Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында Министрлер кабинети жана Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланып, жактырылды.

Макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Ал билдиргендей, 5 жылдыздуу мейманкананы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына куруу пландалууда жана ага жалпысынан 17,24 гектар жер бөлүнүп берилүүдө. Директордун орун басары макулдашуу 1997-жылдагы кыргыз өкмөтү менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жана колдоо келишиминин негизинде иштелип чыкканын белгилеп, макулдашууну колдоп берүүнү өтүндү. “Бул туристтерди тартуунун стратегиялык кадамынын бири болуп саналат. 5 жылдыздуу мейманкана куруу мөөнөтү 3 жыл. Жердин жалпы аянты 17,24 гектар, анын ичинен 4,92 гектары – парк, пляж болмокчу. Ал эми 12,32 гектар — инфрастурктура же мейманкага курулган жер”,-деди Н.Баясов.

Депутат Таалайбек кызы Жылдыз макулдашуу бүгүн гана комитетте каралып жатканын белгилеп, буга чейинки чалгындоо иштери эмненин негизинде жүргүзүлгөнүнө кызыкты. Президенттин Иш башкармалыгын өкүлү иш ыкчам жүрүшү үчүн даярдоо иштери гана жүргүзүлгөнүн айтты. Депутат 49 жылдан кийин мейманкана Кыргызстанга кайра кайтарылабы же жокпу деген маселени да тактады. Н.Баясов 49 жыл өткөндөн кийин объект Кыргызстандын карамагына өтөрүн ошол эле маалда Азербайжан макулдашууну узартууга укуктуу экенин белгиледи. Комитет төрагасы Улан Примов Юстиция министрлигинин корутундусун эске алып, жер жана андагы курулмалардын 49 жылдан кийинки тагдырын аныктоо боюнча кемчиликтерди жоюу сунушун берди.

Талкууда депутат Шайлообек Атазов курула турган 5 жылдыздуу мейманканадан Кыргызстан кандай пайда көрөрүн сурады. Буга өлкөнүн туризм индустриясын өнүктүрүүгө, тикелей инвестиция алууга жакшы шарттар түзүлөт деген жооп болду.

Количество просмотров: 163