• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ажылардын алгачкы тобу Кыргызстанга келди

18 Баш оона 201921:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек . 18.08.2019.Govori.TV

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына келип түштү.

Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, алгачкы каттамда 400 ажы келип, аларды аба майдандан Азирети муфтийдин орун басары жана бир катар диний кызматкерлер тосуп алышкан.
Кошумчалай кетсек, 17-августтан тартып 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишет.

Количество просмотров: 15