Бишкек.10.08.2019.Govori.TV.
Сауд Арабиясынын Мекке шаарында кыргызстандык үч зыяратчы каза болду.
Кыргызстандыктардын сөөгү туугандарынын уруксаты менен Мекке шаарында жерге берилди.
Каза болгондордун аты-жөнү жана өлүмүнүн себептери айтылган жок.
Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 орун бөлгөн. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты менен 16-июлда жөнөп кетишкен.