Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.
Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнө эксперт болуп дайындалды. Бул маалыматты аталган бөлүмдүн жетекчиси Саякбай Субанов тастыктады.
Ал белгилегендей, Руслан Бекназаровдун кызматтык милдеттери – өлкөнүн аймактарынан жарандардан келген кайрылууларды анализдөө жана Президенттин Аппараттынын мындан аркы иш жүргүзүүсүнө эксперттик сунуштарды киргизүү.
Руслан Бекназаров 1981-жылы 10-мартта туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин аяктаган.