• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Азия биринчилиги – 2020 (U-16): Кыргызстандын курамасы Ливанды 3:2 эсебинде утту

19 Аяк оона 2019 12:38 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 18-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда футбол боюнча өспүрүмдөр арасында (16 жашка чейин) 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигине тандоо туру башталды. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Тандоо турунда F тайпасына кирген командалар оюн көрсөттү. Анда Кыргызстандын командасы Ливандын курамасы менен оюн өткөрдү. Кыргызстандын атынан Бекназ Алмазбеков жана Аалам Абылкасымов (2 гол) каршылашынын дарбазасына гол киргизди. Эсеп 3:2, Кыргызстандын командасы жеңишке жетти.

Ошондой эле, Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы Ирактын командасын 1:0 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, кийинки оюн 20-сентябрда болуп, анда Ливандын командасы менен Ирак, Кыргызстандын командасы БАЭ менен беттешет.

Количество просмотров: 28