Бишкекте спорттук күрөш (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды.
Мелдештер 11-16-апрель аралыгында “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өттү. Ага 20га жакын мамлекеттин курама командалары катышты: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түштүк Корея, Кытай, Индия, Япония, Иран, Палестина, Ирак, Түндүк Корея, Монголия, Шри-Ланка, Ирак, Пакистан, Бахрейн жана Тажикстан.
11-12-апрель күндөрү эркин күрөш,
13-14-апрель кыз-келиндер арасында,
15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алды.
Кыргызстандын байге куржунунда жалпы 14 медаль бар, анын ичинен 4 — алтын, 3 — күмүш жана 7 — коло.