• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум белгиленди

7 Тогуздун айы 2019 15:51 Бишкек Govori.TV

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берилди. Анын алгачкы угуусу 11-октябрга белгиленди. Бул тууралуу мурунку президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Белгилүү болгондой, бул ишке байланыштуу Алмазбек Атамбаевге «Коррупция» беренесине ылайык иш козголгон. Бирок, Атамбаевдин жактоочусунун айтымында мурунку президенттин күнөөсүн далилдеген бир да жагдай жок.

Эске салсак, Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулуусу боюнча мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана бир катар дарыгерлерге да айып коюлган.

Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовго «Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка сот актысын чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери менен айып тагылып, кызматтан алынган.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган.

Количество просмотров: 140