• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Азиз Батукаевдин иши: Экс-министр Сагинбаева кызматтан алынды

14 Кулжа 201913:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулуусу боюнча кармалып, үй камагына чыгарылган Улуттук госпиталдын башкы директору, экс-министр Динара Сагинбаева кызматынан алынды. Мындай чечимди сот чыгарган.

Эске салсак, Динара Сагинбаева Улуттук госпиталды жетектөөнү улантып жаткан. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Говори ТВга берген маегинде билдирген.

Мындан улам, ИИМдин тергөө башкармалыгы аны кызматтан алууга сунуш берип, сот алардын сунушун канааттандырган.

Белгилүү болгондой, жыл башында Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурунку башкы прокурор Аида Салянова кармалды.

Количество просмотров: 14