• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Азиз Суракматов Албек Ибраимовдун ишин улантат

26 Теке 2018 15:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.07. 2018. Govori.TV
Бүгүн, Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк колация бирдиктүү талапкер катары Бишкектин мэрлик кызматына Азиз Суракматовду сунуш кылды. Ал мурда “Атажурт” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон, учурда КСДП партиясынан парламентке депутат болууга тизме боюнча кезек күтүп жаткан жаран болчу.
«Буга чейин эле бекитилген борбор шаарды өнүктүрүү программасы бар. Биз ошол багыттар боюнча-каржылык, социалдык блок, инфраструктуралык түйүндөрдү өнүктүрүү иштерин аткарабыз. Анын баарын депуттар менен талкууладык. Шаарды өнүктүрүү үчүн депутаттар айткандай каржы гана жетишпейт. Бул маселени чечиш үчүн киреше түшүрүү булактарын табышыбыз керек. Ал үчүн салыктарды администрациялаштырып, жаңы булактарды таап, ишкерликке жагымдуу шарттарды түзүү керек”,-деди мэрликке талапкер.
Эске сала кетсек ал, Чүйдүн кулуну. “Елизаветта” курулуш компаниясынын ээси, Курманбек Бакиевдин учурунда Бишкек шаар кеңешин башкарган.
Количество просмотров: 1