• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Азиз Суракматов “Кыргызтесттен” өткүсү келет

11 Тогуздун айы 2018 20:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.10.2018. Govori.TV
Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматов, “Кыргызтест” маселесин көтөрүп келе жаткан, журналист Канышай Мамыркулованы кабыл алды. Мэрдин каалоосу менен жолугушуу массалык маалымат каражаттарынын катышуусу жок өттү. Канышай Мамыркулованын айтуусунда, мэр менен сүйлөшүү кыргыз тилинде болуп, жалпы жыйынтыкка келишти.
Жолугушуу аягында мэр Канышай Мамыркуловага китептерди белекке берди.
Калаа башчы журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты. А бирок, Суракматовдун мурунку билдирүүлөрүндө “Кыргызтесттен” өтүүгө даяр экенин белгилеп өткөн.
“Кыргызтесттен” өтүүгө мэр каршы эмес, бирок, мыйзамда карама-каршы келүүчү жагдай бар”,-дейт мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев.
Бул маселе эми Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын отурумунда каралып, анын жыйынтыгына жараша Суракматовдун кайрадан “Кыргызтесттен” өтүшү белгилүү болот.

Количество просмотров: 26