• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Канышай Мамыркулова: Мэр эне тилди сыйласа «Кыргызтесттен» өтүүсү керек

12 Тогуздун айы 2018 17:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.10.2018. Govori.TV
Канышай Мамыркулова көтөрүп келе жаткан кыргыз тил маселеси жогорку кеңешке чейин жетип, бирок бул маселеге чекит коюлган жок. Анткени кабыл алынган мыйзамдын чалалыгына байланыштуу мэр азырынча кыргызтесттен өтпөөгө укугу бар
Бүгүн, Жогорку Кеңеште Ата-Мекен партиясы мэрди кайрадан “Кыргызтесттен” өткөрүү боюнча маселени карады. Анда мыйзамдагы мүчүлүштүктөн улам, ага толуктоо киргизилип парламент жыйынына сунуштала турганы белгилүү болду.
Бул жыйында бир катар пикир келишпестиктер орун алып, Мамыркулованын сынына тиешелүү мекеменин жетекчилери теригип кетти.
Ал эми мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев мэрди “Кыргызтесттен” өтсүн деп талап койгон сыяктуу эле, мыйзамды мыкты билген дагы бир жаран, кайрадан мэрди кайрадан шайлансын деп талап коюп чыкса, ким жооп берет?-  деп бакылдап, суроо узатты эле аны депутат Садык Шернияз, суроо берүү үчүн эмес, жооп берүү үчүн келгенин эске салды.
Өкмөткө караштуу мамлекеттик “Кыргызтест” мекемеси мамлекеттик кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин ар кандай ыкма менен аныктайт.
Бул маселени көтөрүп келе жаткан, Мамыркулова, маселе мэрлерде эмес, кыргыз тилине болгон мамиленин шалаакылыгында деп белгилеп өтүү менен бирге, Ош жана Бишкек мэрлери эне тилди сыйласа “Кыргызстесттен” өтүшөт деген пикирин айтты.
Мындан ары эми мэрлер өздөрү эле барып “Кыргызстесттен” өтөбү же тиешелүү мыйзамга таянып отура беришеби, азырынча белгисиз…

 

Количество просмотров: 26