• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Азиз Суракматов: Саясат менен алектенбей, чарбалык иштерге көңүл бурушу зарыл

3 Теке 2019 10:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 1-июлда өткөн жыйында “Саясий кырдаалды көрүп жатасыңар. Ошондуктан, эмгек жамааттары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, саясатка аралашпай, саясат менен алектенбей, чарбалык иштерге көңүл бурушу зарыл. Бишкекке бейпилдик керек, бизге митингдер керек эмес”-деп билдирди. Ошондой эле,  тургундарды митингдерге катышуудан оолак болууга  чакырды. Эл арасында болсо түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү райондук администрация жетекчилерине, квартал башчыларга жана үй комитетинин башчыларына тапшырганы тартылган видеону 24.kg агенттиги жарыялады.

Количество просмотров: 3