• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Азиз Суракматовду “Республика-Атажурт” фракциясы көрсөтпөйт!

25 Теке 201810:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25. 07. 2018. Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика-Атажурт” фракциясы шаар мэрлигине талапкер алып чыкпайт. Бул тууралуу шаар кеңешинин депутаты, аталган фракциянын өкүлү Канатбек Музуралиев Govori.TVга билдирди.

“Биз азырынча шаар мэрлигине талапкер алып чыкпайбыз деп турабыз. Анткени, мындай шашылыш учурда талапкер алып чыгуунун тоболкелдиги бар. Биринчиден, азыр жай ортосунан ооп баратат. Демек, кышкы жылытуу мезгилине карата шаар бийлигинин камылгасы кандай экени белгисиз. Бул жаңы мер үчүн оор маселе.  Анын үстүнө талапкерди шашылыш тандоо кандай болоорун буга чейинки практика көрсөттү”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, шаар башчылыгына келиши мүмкүн деген Азиз Суракматовдун буга чейин “Атажурт” партиясынан депутат болгону белгилүү. Бирок, азыр ал “Республика-Атажурт” партиясынын катарында азыр жоктугун да жогорудагы шаар депутаты тастыктады.

Количество просмотров: 12