Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагымбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, кесиптик майрам менен куттуктап, ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жарандардын тынчтыгы, коопсуздугунун кепилдиги көз карандыгы экендигин белгилеп, кызматтарын ак ниеттүүлүк жана жоопкерчиликтүү аткарып жатышкандары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан сыйлыктарды тапшырды.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурору Өткүрбек Жамшитов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, Жогорку Кеңештин атайын өкүлдөрү, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаевдер куттуктоо жылуу сөздөрүн арнашып атайын сыйлыктары менен алдынкы кызматкерлерди сыйлашты.
Ошондой эле ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин буйругу менен кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыздоодо зор салымдарын кошушкан ички иштер органдарынын кызматкерлерине да түзүмдүк сыйлыктар тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чаранын жыйынтыгында ИИМдин кызматкерлери менен ардагерлерине арналган майрамдык концерт уюштурулду.