Акыркы суткада 107 бейтап COVID-19 илдетинен сакайды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Республикалык ыкчам штаб билдирди.
Айыккандар:
– Бишкек шаарында 40 адам;
– Ош шаарында ооруканадан чыккандар жок;
– Чүй облусунда 33 адам;
– Ош облусунда 11 адам;
– Талас облусунда 3 адам;
– Нарын облусунда 7 адам;
– Ысык-Көл облусунда 9 адам;
– Жалал-Абад облусунда 3 адам;
– Баткен облусунда 1 адам.
Кыргызстанда бүгүнкүгө чейин жалпы 82 миң 690 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.