• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Бүгүн 17 адамдан коронавирус табылып, 2 бейтап каза болду

8 Жалган куран 2022 11:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 8-мартка карата коронавирус 17 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 6;

Чүй облусунда – 9;

Жалал-Абад облусунда – 2.

Акыркы суткада 28 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 148 бейтап, амбулатордук түрдө 251 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 658 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 713 киши айыгып чыкса, 2 миң 968 адам каза болду.

Количество просмотров: 71