Кыргызстанда бир суткада 86 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Бишкекте – 44, Ошто — 2, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир киши каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 503 бейтап, амбулатордук түрдө 616 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 246 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 374 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 809 киши айыгып чыкса, 1 миң 499 адам каза болду.