Бүгүн «Азаттыктын» кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилет
Бүгүн «Азаттыктын» кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилет
24 Теке 20189:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.07.2018.Govori.TV
Бүгүн 24-июлда «Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаев менен коштошуу зыйнаты маркум өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында өтүп жатат. Анын сөөгү бүгүн саат 10.00дө коюлат.
Белгилей кетсек, 22-июлда Уланбек Эгизбаев Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган.
Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон. 28 жаштагы Эгизбаевдин артында ата-энеси, төрт эжеси жана кош бойлуу жубайы калды.
Жакындарынын өтүнүчү менен маркумдун сөөгү экспертиза үчүн Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилген.
Сөөктү ачуу иштери 23-июлда болгон. Ага катышкан «Азаттыктын» кабарчысы Токтосун Шамбетов маркумдун бутунан тактарды байкап, аны милициянын протоколуна коштурганын билдирди.
Азыр мунун чоо-жайын соттук-медициналык экспертиза текшерип жатат. Азырынча экспертизанын толук тыянагы чыга элек.
Буга чейин Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист «чөгүп өлгөнү» кабарланган.