• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо өтүүдө

27 Бирдин айы 2022 8:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-февралда Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүү башталды.

Эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин эки округда жалпы 120 шайлоо тилкеси иштейт жана 200 миңден ашык жаран каттоодон өткөн.

Кайра шайлоодогу үгүт иштери башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясына жалпысынан 19 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу БШКнын төрагасынан орун басары Тынчтык Шайназаров 21-февралда билдирген.

БШК бир мандаттуу бул эки округдан жалпы 53 талапкерди каттаган. Биринчи май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер шайлоого аттанган. Алардын катарында экс-депутаттар, саясий ишмерлер, жарандык активисттер, юристтер, ишкерлер, спортчулар бар.

Эске салсак, бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Количество просмотров: 74