Кайра шайлоодогу үгүт иштери башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясына жалпысынан 19 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу БШКнын төрагасынан орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, алардын баары каралып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
«19 кайрылууну мүнөздөй турган болсок, 6 кайрылуу ыкчам чара көрүү координациялык топтун дарегине келип түштү. Анын ичинен бешөө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча болсо, бирөө шайлоочулардын добушун сатып алуу болуп саналат. Ал эми калган 13 кайрылуу шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуучулук боюнча. Ыкчам топтун дарегине түшкөн 6 кайрылуу ИИМге жиберилди, териштирүү иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деди ал.