Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына карата бүгүн Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң программадагы концерт тартууланат.
Маалыматка ылайык, кыргызстандан жалпы 700 өнөрпоз катышат. Андан тышкары ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият өкүлдөрүнүн ичинен Орусия, Индия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Пакистандан келген ырчылар дагы бар.
Ал эми иш-чаранын көркөм жетекчиси: Султан Раев, режиссеру: Алтынбек Максүтов.