• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Бүгүн Бишкекте ШКУ саммити өтөт

14 Кулжа 20199:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.

Ага Кыргызстандан тышкары Индия, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстан мамлекеттеринин жетекчилери катышат.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген.

Саммиттин соңунда 30 документке кол коюлат.

11 өлкөнүн лидерлери катышып жаткан саясий иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө.

13-июнда коноктордун урматына Улуттук филармонияда гала-концерт өттү. 


Количество просмотров: 13