Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 12-июнда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Масалив – Айтматов – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.
Бул убакта «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн оңдоо иштерин жүргүзөт.