• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат 

21 Жетинин айы 202310:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстан — Оман футбол курама командаларынын беттешин өткөрүүгө байланыштуу Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдө саат 14:00 до 22:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилет:

Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсунө чейин;
Фрунзе көчөсү — Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды каттамды алдын ала тандоого жана мындай чараларга түшүнүү менен кароого чакырат.

Оюн саат 19:00дө башталат.

Количество просмотров: 114