• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бүгүн үч айыл өкмөтүнүн башчылары шайланды

17 Теке 202019:07 Бишкек Govori.TV

17-июлга карата беш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болмок. Алардын үчөөндө шайлоо өтсө экөөндө болбой калган.

Алар:

1. Осмонов Уланбек Келдибекович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2020-жылдын 17-июлунунда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар  айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.

Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапакер: Аттокуров Турусбек Кудайбергенович, Осмонов Уланбек Келдибековичайылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн.

Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Ак-Жар айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 17-июлундагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер У.К.Осмонов 10 добуш, талапкер Т.К.Аттокуров 1 добуш алышкан, «бардык талапкерге каршы» позициясына 0 добуш.

2020-жылдын 17-июлундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳпротоколго ылайык Осмонов Уланбек Келдибекович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.

2. Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун башчысы болуп Сталбек Джапарбекович Мусаев шайланды

2020-жылдын 17-июлунда Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болууга эки талапкер Сталбек Мусаев жана Мирбек Сүйүналиев катталган. Экөө тең айылдык кеңештин депутаттарынын тобунан.

Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат болсо, алардын бардыгы шайлоого катышты. Сокулук территориялык шайлоо комиссиясынын 17-июлдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколу боюнча, С. Мусаев 11 добуш алган. М. Сүйүнбаев болсо 9 добуш алып,  бардык талапкерлерге каршы добушту бир депутат берген.

Ошентип, Сталбек Мусаев Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

3. Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Толук айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2020-жылдын 17-июлунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл окмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Толук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер -Ажыбаев Толукбек Бектурсунович, Куракеев Абдыракман айылдык кенештин депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.

Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 11 депутатынан 9 депутаты катышты. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 17-июлдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Т. Ажыбаев 9 добуш, талапкер А. Куракеев0 добуш алышкан.

2020-жылдын 17-июлундагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.

Количество просмотров: 273